Санкт-Петербургская общественная организация "Общество памяти игумении Таисии"
Праволавная литература, богословие, богослужебные книги, акафисты
191144
Россия
Санкт-Петербург
Санкт-Петербург
ул Кирилловская, 11
+7 (812) 710 37 30
Назад в раздел
И.А. Глухов


И.А. Глухов

Иван Александрович Глухов (1927–1999) Тула облусунун Суворов районунун Кулешово айылында туулган. Ал такыбаа дыйкандар үй-бүлөсүндө төрөлүп, православ  динге, жооштукка, эмгекчилдикке жана адамдарга жылуу мамиле кылууга тарбияланган.  Ал сүйгөн жана сыйлаган эне Евдокиянын аны инсанлыкка үйрөтүүдө салымы зор. 30-жылдарда анын үй-бүлөсү Москвага көчүп кеткен. Москвада Иван 1945-жылы мектепти, 1948-жылы курулуш техникумун бүтүрүп, Москва турак башкармалыгында техник болуп иштеген. Ал Тихвин шаарындагы Алексеевское айылында жайгашкан  Жыйындын коомунун мүчөсү болуп, төркү бөлүмүндө кызмат кылган.

Дин илимин билүү максатында И.А. Глухов 1951-жылы Москвадагы Дин семинарияcына өтүп, аны 1955-жылы ийгиликтүү аяктаган. Мындан кийин ал Москвадагы Дин академиясына кирип, 1959-жылы аны дин илиминин кандидаты даражасына ээ болуп бүтүргөн. Өзүнүн дипломдук ишин  “Жамандык жана анын көрүнүшү жөнүндө христиандык окуу” деген темага жазган. Академиялык Кеңештин чечими менен И.А. Глухов профессордук стипендиат катары Академияда инспектордун жардамчысы болуп ишке алынган. Семинарияда ал катихизис, орус Жыйындын тарыхынан сабак берген, ал эми 1972-жылдан тартып Академияда секта тануудан сабак бере баштаган. Ушул эле жылы ал доцент наамына ээ болгон.

Өз эмгектери үчүн И.А. Глухов ыйык князь Владимирдин III даражалуу, Радонеждеги ыйык Сергийдин II жана III даражалуу орденлери жана Патриарх грамотасы менен сыйланган. 1955-жылы ал Ыйык Жерге зыяратка барган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында И.А. Глухов Москвадагы Бүт Ыйыктар ийбадатканасынын коомунун мүчөсү болгон. Каза тапкандан кийин бул ийбадатканада ал үчүн  жаназа окулган; Иван Александрович Благовещенск айылында көргө коюлган.

И.А. Глухов катуу талап кылуучу  мугалимдердин бири болуп, бекем билим талап кылып, сынакты катуу өткөргөн. Мисалы, Ыйык Жазуунун жүздөгөн санат сөздөрүн жаттап алуу керек болчу.  Семинарияда биринчи курста берилген Катихизис сабагы православ көз-карашты түзүп, негизги сабактардын бири болуп, студенттердин эң сүйгөн сабагы эле. Аны билип калгандан кийин башка сабактар оңой деп табылган болчу. Окуучулар бул сабакты жол кыймылынын эрежелери менен салыштырып, аны менен жашоо сапарына чыгууга болот деп айтышкан. И.А. Глухов угуучуларынын эң жакшы сапаттарына кайрылып, аларга Чындыкка жөн көрсөтүп, өз Православ окуу лекцияларынын  зор мааниге ээ болушуна ишенген. Ал экуменисттер (бардык диндерди бир динге бириктирүүнү жактагандар) жана башка диндердеги динчилдер менен маек курганда,  дайыма ата-мекендик диний көз-карашты жактаган. И.А. Глуховдун лекцияларына катышкандар аны терең окумуштуулукка ээ болгон жана студенттер менен билимин бөлүшкөн сонун, көрүнүктүү, ыкластуу жана боорукер киши катары алкыштар менен эстеп коюшат.

Окурмандарга сунуш кылынган “Православ катихизис”  китеби православ динге ишенүүгө багытталган кеңири нускама болуп, ишеним, үмүт жана сүйүү жөнүндөгү окууда  жөн көрсөтөт. Машаякчылык жөнүндөгү окуу Ишеним символунда  кыскача берилген. Мында христиандык чындыктардын баары чагылдырылган. Христиандык үмүт жөнүндөгү окуу сыйынууларда, өзгөчө, “Атабыз Биздин” сыйынуусунда жана Бактылуулук Осуяттарында орун алган. Христиандык сүйүү жөнүндөгү окуу Кудайдын Мыйзамында же Он Осуятта берилген.

И.А. Глуховдун “Православ катихизис” эмгеги ата-мекендик диний чыгармаларга жооп берген Православие негиздеринде жөн көрсөтүп, автордун инсанлыгынын тереңдигин, Кудайга ишенимин, үмүтүн жана сүйүүсүн, ошондой эле, өз студенттеринде бул сезимдерди козготууга умтулуусун чагылдырган. 



Другие книги этой категории:

  • English English
    Orthodox Catechism
     
  • Deutsch Deutsch
    Orthodoxer Katechismus
     
  • Italiano Italiano
    La Catechesi ortodossa
     
  • Español Español
    El Catecismo Ortodoxo
     
  • Svenska Svenska
    Den Ortodoxa Katekesen
     
  • Suomi Suomi
    Ortodoksinen katekismus
     
  • Български Български
    Православен катехизис
     
  • Magyar Magyar
    Pravoszláv katekizmus
     
  • Ελληνικά Ελληνικά
    Ορθόδοξη κατήχηση
     
  • Română Română
    Catehismul ortodox
     
  • Eesti Eesti
    Õigeusu katekismus
     
  • Українська Українська
    Православний катихiзiс
     
  • Беларуская Беларуская
    Праваслаўны катэхізіс
     
  • ქართული ქართული
    მართმადიდებლური კატეხიზმო
     
  • հայերեն հայերեն
    Ուղղափառ կատախիզիս
     
  • Azərbaycan Azərbaycan
    Pravoslav katixizisi
     
  • Лезги Лезги
    Православидин катихизис
     
  • Нохчийн Нохчийн
    Керстанан катихизис
     
  • Қазақ Қазақ
    Православилік катихизис
     
  • Кыргыз Кыргыз
    Православ катихизис
     
  • Чӑваш Чӑваш
    Православи катехизисĕ
     
  • Татар Татар
    Православие катихизисы
     
  • Башҡорт Башҡорт
    Православие ҡатихизисы
     
  • Буряад Буряад
    Үнэн алдарта шажанай катихизис
     
  • kalmyk kalmyk
    Үнн алдртын сурһалин чимг
     
  • Саха Саха
    Православнай катихизис
     
  • فارسی فارسی
    اصول و تعاليم مسيحيت ارتدوكس
     
  • 한국어 한국어
    정교회 교리서
     
  • Việt Việt
    Sách giáo lý Chính thống giáo