Вниманию читателей предлагается «Православный катихизис» И.А. Глухова на киргизском языке.
Заманбап окурмандарга сунуш кылынган Православ катихизис (насыят) китеби православ динге ишенүүгө багытталган кеңири нускама болуп, ишеним, үмүт жана сүйүү жөнүндөгү окууда жөн көрсөтөт. Христиандык ишеним жөнүндөгү окуу Ишеним Символунда кыскача берилген. Мында христиандык чындыктардын баары чагылдырылган. Христиандык үмүт жөнүндөгү окуу сыйынууларда, өзгөчө, “Атабыз Биздин” деген сыйынууда жана Бактылуулук Осуяттарында орун алган. Христиандык сүйүү жөнүндөгү окуу Мусанын Мыйзамында же башкача айтканда, Он Осуятта берилген.
Бул китептин негизинде Москвадагы Дин семинариясында Иван Александрович Глуховдун окуган иеромонах Александрдин (Фаут) конспектиси жатат.
Бул конспект Православиенин чындыктарын билүү, семинарийлердин угучуулары, диний окуу жайлары жана бардык православ христиандар үчүн жазылган.